• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

4 Баш оона 202014:01 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Ак-Шумкар» кафесинде чыккан өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 11:08де түшүп, 11:38де чектөөгө алынган. Ал эми саат 12:28ге жакын толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдары такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 84