• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Ошто каналдан адамдын сөөгү табылды

15 Кулжа 202110:38 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында каналдан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда Ош шаарындагы Кайырма каналында адамдын сөөгү (аты-жөнү такталууда) табылган.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, азият улутундагы эркек адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 239