Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Ош облусунун Пахта көчөсүндө жайгашкан үйлөрдөн өрт чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кыматы билдирди.
Маалыматына ылайык, тилсиз жоо боюнча кабар бүгүн түшкү саат 12:23 тө келип түшүп, 14:57 де чектөөгө алынып, өчүрүү аракети жүргүзүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм катышып, териштирүү иштери уланууда.