• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто казиного каршы акция өттү

13 Бугу 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

Акцияга шаардагы 10 чакты активист катышты. Алар “Ош казиного каршы” деген баракчаларды кармап турушту.

Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган. Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Количество просмотров: 94