• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ошто коомдук транспорттордо кыргыз тилиндеги мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

4 Жалган куран 2024 9:30 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, «Сыйкырдуу калем» анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды.

Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди.

Соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана төш белгилер менен сыйланышты.

Количество просмотров: 61