• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто коркунучтуу кылмышкерлер колго түштү

23 Бугу 2018 17:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV
Ошто Уюшкан Кылмыштуу ТОптордун мүчөлөрү каракчылык жана адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабар таратты.
Анда белгилүү болгоной,  21-май күнү Ош ШИИБине  шаардык тургун кайрылып, 20-май күнү шаардагы базарлардын биринен ага бейтааныш эки адам кол салып, өзүнө таандык “Лексус ЛС-460” маркасындагы унаага салып, ур-токмокко алган соң, өзүн көчөгө таштап, унааны айдап качканын арызданган.
Укук коргочулар чукул операция жүргүзүп, кылмышкерлердин изине түшүшкөн. Натыйжада, Кара-Суу районунун 33 жаштагы Р.Н. жанан Ош шаарынын , 33 жаштагы тургуну А.Мны колго түшүрүшкөн. Алардын үстүнөн каракчылык жана киши уурдоо беренелери менен кылмыш иши ачылып, камакка алынган.
Ошондой эле алардын бирөө көп жылдардан бери УКТнын активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы, ал Оштогу “Жеңго” аттуу каймана аты бар кримавторитеттин “оң колу” экени айтылат.
Количество просмотров: 22