Megacom
  • Жума 14 Баш оона 2020

Ошто коронавирустан дарыланып жаткан бейтап 3-кабаттан боюн таштап, каза болду

2 июля 2020 в 10:19 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында коронавирустан дарыланып жаткан бейтап 3-кабаттан боюн таштап, каза болду.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү Ош шаардык ооруканасында (эски имаратында) 29-июлдан бери коронавирус оорусу менен катуу ооруп, дарыланып жаткан 34 жаштагы аял оорукананын 3-кабатынан боюн таштап жиберген. Алган оор жаракатынан улам ал окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 363