• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ошто кримтөбөл «Женгонун» жан сакчысы кармалды (видео)

26 Теке 202111:47 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 23-июлда Ош облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.А.ны кармашкан. Милициянын маалыматына караганда, 10-июлда М.А. шериктери менен бирге кафенин алдында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, барсеткасын тартып алышкан. Барсеткада 1 миң 600 доллар жана 48 миң сом бар болчу.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси менен (Ээнбаштык) КЖБРга катталган.

«М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы. Ошону менен бирге ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган жана буга чейин соттолгон.

Количество просмотров: 982