• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттү

10 Бугу 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 5-9-майында Кыргыз Республикасынын Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Количество просмотров: 122