• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто Кытайга жүк ташыган айдоочулар акцияга чыкты

21 Бештин айы 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Кытайга жүк ташып иштеген жүздөй айдоочу 20-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктундагы тыгынга нааразы болууда.

Кытайга кирүүгө уруксат тууралуу документтер кезек менен берилүүсүн талап кылышты. Алардын сөзүнө караганда, ушул тапта чек арада 300дөй жүк ташуучу унаа Кытайга кире албай турат. Кезек бир жумада араң жетерин айткан айдоочулар карго компаниялар да «кезек менен кириши керек» деген талап коюшту.

Мамлекеттен автоунаа токтотуучу жер бөлүнүп, электрондук кезек менен ошол жерден кетүүгө шарт түзүлгөнүн, бирок буга Кытайга каттаган айрым жүк ташуучу ишканалар көнбөгөнүн билдиришти.

Нааразы тарап Транспорт жана жол министрин Ошко барып, маселени чечип берүүгө чакырды.

Алар менен министрликтин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев жолугуп, маселени териштирүүнү убада кылды. Айдоочулар ага көнбөй, 21-декабрда да чогулмай болуп тарап кетишти.

Количество просмотров: 706