• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өттү

8 Теке 2022 14:43 Бишкек Govori.TV

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү.

Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, «13 жашар кыз… Дагы ким?», «Кыргызда кыз ыйык!», «Кайдыгер болбо!», «Укук кордоочубу?» деген жазууларды кармап турушту.

Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

Количество просмотров: 156