• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто «Манас Ата» кафеси буздурулуп жатат

11 Чын куран 2024 12:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафеси буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, А. Шакиров көчөсү №152 дарегинде жайгашкан бул жер 2018-жылы мамлекеттик экспертизанын оң кортундусу менен жеке менчик турак үй курууга берилген. Кийин жердин ээси Юлдашбай Нематов өзүм билемдик менен эки кабаттуу жеке менчик турак үйдү макулдашылган долбоордон сырткары кеңейтип, өз алдынча кафеге өзгөртүп алган.

«2019-жылдын 9-апрелинде имаратта архитектуралык иш кагаздарын көрсөтүү боюнча текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, четтетүү тууралуу эскертме берилген. Берилген бузууларды четтетүү тууралуу эскертменин талаптары аткарбагандыктан ошол эле жылы 24-апрелде контролдук текшерүү актысы түзүлүп, Ош шаардык сотуна доо арыз берилген. Сот мыйзамсыз кафе кожоюндарынын (Нематов Юлдашбай Эргашович жана Исакова Гульжан Мамытовна) өз эсебинен буздурулсун деген чечим чыгарган»,-деп жазылат маалыматта.

Кийин кожоюндар аппеляциялык арыз менен сотко кайрылышып, алардын даттануусу канаатандыруусуз калтырылган.

Количество просмотров: 182