• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто Матраимовду колдогон митинг өтүп жатат (видео)

28 Бирдин айы 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адам катышкан акция өтүп жатат. Чогулгандар Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоп, аны абактан чыгарууну талап кылган ураандар айтышууда.

Митингде Райымбек Матраимовдун бир туугандары да жүрүшөт.

Жыйынды тамада Аманбек Ибраев алып барууда.

Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимов алгач УКМК тарабынан камакка алынганда тергөө менен кызматташып, күнөөнү моюнуна аларын айткан. Анын натыйжасында 2 млрд. сом кенемтени мамлекетке кайтарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Соттун мындай чечимине коомчулуктун нааразылыгынан кийин президент Садыр Жапаров Матраимовго байланыштуу иштер дагы улантыларын айткан болчу.

18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган. Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

Количество просмотров: 425