• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто мечиттен өрт чыкты

21 Бирдин айы 202213:03 Бишкек Govori.TV

Ошто мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунун Жекенди айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 09:16да Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:13тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 191