• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы жигит кармалды

12 Бирдин айы 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Ошто мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өспүрүм баланы өлтүрүүгө шектүү катары 2004-жылы туулган К. уулу А. кармалды. Кармалган учурда анын жанында кастет болгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну, Алай районунда туулган.

«Шектүү жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Ал окуучу балдар менен сөз айтыша кетип, оор кылмышка баргандыгын айтып берген. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген. Аны менен кошо кылмыш болгон учурда жанында турган эки шериги да кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар болсо, кошумча маалымат беребиз», — деп кошумчалашты милициядан.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов каза болгон мектеп окуучусуна байланыштуу Ош шаарынын милиция кызматкерлери менен ыкчам жыйын өткөрүп, тиешелүү органдын кызматкерлерине ыкчам издөө иштерин тез арада жүргүзүүнү жана бул кылмыштын бетин ачууну тапшырган.

Эске салсак, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 11-февралда мурдагы «Ареопаг» дүкөнүнүн имаратынын алдында өспүрүмдөрдүн кайым айтышуусу мушташка айланып, натыйжада экөө бычактан жаракат алган. Бир окуучу ооруканада каза болгон, экинчисинин абалы оор экендиги айтылууда.

Количество просмотров: 327