• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто Москвадан келген медиктерди гүл көтөрүп, кол чаап тосуп алышты

19 Теке 202013:06 Бишкек Govori.TV

«Ош» эл аралык аэропортунда Москвадан келген 15 дарыгерди салтанаттуу тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, алар кечээ,18-июлда Кыргызстандагы кесиптештерине жардам берүү максатында учуп келишкен.

Аларды «Ош» аэропортунан шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган топ тосуп алган.

«Чогулгандар кыйын кырдаалда жардам берүү үчүн келген медиктерде ыраазычылыктарын билдирип, калктын саламаттыгы үчүн күрөштө ийгилик каалашты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 515