• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

2 медкызматкерден COVID аныкталды

22 Бештин айы 202011:39 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 медкызматкер вирус жуктурган. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4075 учур катталды, алардын ичинен 3847 медкызматкер сакайды.

Количество просмотров: 68