• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

5 медкызматкерден вирус аныкталды

25 Бештин айы 202010:14 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек ш. – 1
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 1
Талас облусунда – 2

Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4092 учур катталды, алардын ичинен 3865 медкызматкер сакайды.

Количество просмотров: 77