• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто музыкалык окуу жайдын кызматкерлери Самара Каримовага каршы акцияга чыгышты

21 Үчтүн айы 2021 13:30 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы Ниязалы Боршов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын кызматкерлери жаңы дайындалган директор Самара Каримовага каршы нааразычылык акциясына чыгышты.
Акцияга чыккандар ырчы Самара Каримованын аталган окуу жайга директор болушуна каршы.

Ал эми ырчы учурда иш ордунда экенин, иштеп жатканын, баары жакшы экенин билдирген.

Эске салсак, Каримова менен жамааттын тиреши 14-январда башталган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда маалым болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан. 18-январь күнү кечки саат жети-сегиз чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирген. Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Количество просмотров: 351