• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

10 Жалган куран 20259:06 Бишкек Govori.TV

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейдде берилген протоколдук тапшырмасына ылайык, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ишматов, Латипжанов, Набережная көчөлөрүндө жана Ворошилов ички көчөсүндө кызыл сызыкка чыгып кеткен убактылуу жана мыйзамсыз курулуштар алынууда.

Ошондой эле Набережная көчөсү менен Ворошилов көчөсүн байланыштырган жолдун ортосуна мыйзамсыз курулган тосмолор алынат.

Количество просмотров: 122