• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жай табылды

2 Кулжа 202313:33 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза алынды.

Табылып алынган ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 143