• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошто окуучу мектептин 2-кабатынан секирип кеткен

19 Бугу 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда окуучу мектептин 2-кабатынан секирип кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда саат 11:40тар чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 16 жаштагы Ю.Б. аттуу тургуну денесинен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы жөнүндө милицияга маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда 17-майда саат 08:00дөр чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы орто мектептин 2-кабатынан Ж.Б. аттуу өспүрүм белгисиз себептерден улам секирген.

Окуяга күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, Б.Ж. өзүнөн-өзү экинчи кабаттан секирип жибергендигин, эмне үчүн секиргендигин сураганда өзүн текшерип көрмөкчү болгонун айткан. Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылып, арызда баласы жөндөн-жөн терезеден секирбей турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө менен кайрылган.

Аталган факты Жазык кодексинин 137-беренесинин 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 246