Ошто окуучулар жол кире акысына 1 сом төлөшөт. Бул тууралуу Оштогу №124 маршруттун мурдагы айдоочусу Мирлан Раев Govori.TV маалымат билдирди.
«Окуучулар жол акыга 1 сомдон төлөшөт. Бул айдоочулардын эмгегин актабайт. Менин эмгегим бааланбагандыктан маршрут айдоодон баш тарттым. Ал эми “окуучулар 1 сом төлөшөт” — деп шаардык кеңештин депутаттары бекитип беришкен. Бирок бул айдоочулардын нааразычылыгын жаратууда”- деп билдирди айдоочу.
Эскерте кетсек, Оштогу Төлөйкөн айылына каттаган №124 маршруттун айдоочулары ар кандай себептерден улам жумушка чыкпай коюшкан. Себеби бул айылда эл аз болгондуктан жана айылда 3 мектеп жайгашкандыктан маршруттардын негизги жүргүнчүлөрү окуучулар болуп эсептелинет. Ал эми бул маршруттун кеч каттап, элди жумуштан кечигүүсүнө себепчи болуп жатканын айтып жергиликтүү эл нааразы.