• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто оорукана өрттөндү

6 Үчтүн айы 202511:39 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча, Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:03тө Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Буга кошумча саат 08:13тө №12 ӨКБдан 1, №13 АӨКБдан 2, №85 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Жеринде жалпы 5 эсеп жана штаб иштеп жатат.

Өрт өчүрүүчүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 8:30да тилсиз жоо чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 704