• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады

20 Үчтүн айы 2021 16:12 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда турак жай өрттөнүп, түтүнгө ууланып 38 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 20-январда Ош облусуна караштуу Араван районунун Төлөйкөн айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыккан.

«Анда үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 175