• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто өрттүн кесепетинен аял киши каза болду

1 Бугу 202010:23 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 71 жаштагы аял каза болду.

«Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыгып, батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1949-жылы туулган аял киши каза болду. Өрттүн себеби такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 251