• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады (сүрөт)

20 Жетинин айы 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында салынып жаткан тез курулуучу, жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 89%га аяктады. Бул тууралуу Архиктертура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган оорукана 100 орунга эсептелген. Аны курулушу быйыл 28-июлда башталган. Азыркы тапта анын курулушуна 62,5 млн сом кеткен.

“Буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн, 1 жана 2-чи дарылоо блокторунун курулуш-монтаж иштери бүткөрүлдү. Жылуулук системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Ошондой эле эшик-терезелер, өрт сигнализациясы орнотулуп, ички жасалгалоо жана кафель чаптоо жумуштары бүткөрүлдү. Учурда брусчатка төшөө, жарыктандыруу жана оорукананын тегерегин тегиздөө иштери жүрүүдө”, — деп билдирет аталган агенттик.

Агенттиктен белгилешкендей, ооруканага керектүү эмерек жана жабдыктар сатылып алынып, учурда кычкылтек берүүчү борборлоштурулган система орнотулуп жатат.

Количество просмотров: 86