• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

15 Чын куран 2020 15:48 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы өзгөчө абал киргизилген аймактарда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.

Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койгонун облус комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

“Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 145