Ош шаардык соту студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын Э.Г. аттуу кызматкерин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чечим чыгарууда сот пара алууга шектелген 54 жаштагы аялдын кант диабети менен ооругандыгын, жалгыз бой эне экендигин жана жашы жете элек балдары бар экенин эске алган.
Эске салсак, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Интернетке мугалимдин акча алып жаткандагы видеосу тараган.