• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Ошто суудан 53 жаштагы эркектин сөөгү табылды

22 Баш оона 2022 10:41 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында куткаруучулар суудан 53 жаштагы эркектин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 19:20 чамасында 1969-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек киши Южный каналына чөгүп кеткен.

«21-августта жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер жана туугандарынан 4 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 12:16да куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 117