Пара талап кылуу фактысы менен Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24-августта кабарлады.
Башкы прокуратуранын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Ноокат районунун прокурорунун орун басары Э.С.К. кылмыш иши боюнча маселени оң жагына чечип берүү үчүн ишкерден 4000 доллар пара талап кылганы аныкталган.

Ноокат райондук прокуратурасы ишкерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иш козгоп, тергөөнү Ноокат РИИБге өткөрүп берген.

«Э.С.К. кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, тергөөчүлөргө кысым көрсөтүп, мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган. Ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом зыяндын ордун толтурууга даяр болчу.
Менчик ээсине же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда тийиштүү тарап, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш. Бирок Э.С.К. ишкерди коркутуп, бардык уруксат берүүчү документтерди алуу менен 4000 доллар талап кылган.
Э.С.К.нын жеке унаасын жана кабинетин тинтүү учурунда 3500 доллар табылды. Аталган жаран кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.