• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ошто таксиге түшкөн эки жаран өлтүрүлгөн. Шектүүлөр кармалды

21 Жалган куран 2022 1:08 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Суу районунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 36 жаштагы А.А. аттуу Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылган. Анда 17-мартта саат 19:40 чамасында 20 жаштагы иниси Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Достук өткөрмө бекетинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошондой эле 18-мартта Араван районунун Ачы айылынын 62 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 17-мартта 36 жаштагы уулу Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарында компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жыйынтыгында, 17-март күнү саат 19:00 чамасында Ош шаарында дайынсыз жоголду делген 36 жаштагы жаран Кара-Суу шаарындагы «Тураталы» базарынан жүргүнчү катары отуруп кеткендиги такталган. Ошондой эле ал отуруп кеткен унаа Ош шаарындагы фирмалардын биринен 1 айга ижарага Өзбекстандын Андижан облусунун Пахта-Абад районунун 28 жаштагы тургуну Т.З. аттуу жарандын атына алынгандыгы аныкталган. 19-мартта жогорудагы 28 жаштагы Т.З. жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну О. уулу Ж. кармалган. Тергөө учурунда эки шектүү биргеликте алдын ала макулдашуу боюнча ижарага алган көк түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарын көздөй бара жатып жүргүнчү катары С.С. аттуу жаранды алышкан. Жолдо акчасы бар же жоктугун сурашат. Ал акчасы жоктугун айткан. Унаанын артында бара жаткан З.Т. колу менен оң тараптан С.С. аттуу жарандын желкесине уруп, акча талап кылган андан кийин атайын даярдалган жип менен аны муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7000 сом акча, 100 доллар, 1 даана телефонун алышкан. Кылмышты жаап-жашыруу максатында жансыз денени унаа жолдун боюндагы эгин талаага көмүп коюшкан. Ал эми маркумдун кол сумкасынын ичиндеги буюмдарын ошол жерден өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, 17-мартта «Тураталы» базарынан өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарынын 36 жаштагы Ж.Т. аттуу тургунун жумушунан чыккан жеринен Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан. Андан дагы акча сурап, «жок» деген жоопту алган соң ал жип менен муунтуп өлтүрүлгөн. Жабырлануучунун жанынан 6000 сом акча, ноутбук, 1 даана телефонун, 1 даана флешкасын алып, жансыз денесин унаа өтүүчү жолдун батыш тарабына сайдын боюна көмүп коюшкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен («Адам өлтүрүү») кылмыш иши козголгон.

«Шектүүлөр Сузак районунун 2005-жылы туулган тургуну О. уулу Ж. менен 1994-жылы туулган Т.З. күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 738