Ош шаарында таксистти тоноого шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош обдустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда эркектер такси заказ кылып, айдоочудан Кеңеш айылына жеткирип коюуну суранышкан. Көрсөтүлгөн аймакка жетип, алар таксистти бычак менен коркутуп, колундагы акчанын бардыгын берүүнү талап кылышкан.
Айдоочу аларга 600 сом жана уюлдук телефон берген, ал эми телефондун чехолунда 500 миң сом болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 23, 22 жана 21 жаштагы жарандар кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.