Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрүп жаткан учурда күч органдары бир нече мамлекеттик кызматкерди суракка алып кетти. Бул тууралуу Region телеканалы кабарлап, видео-фотолорун жарыялады.
Маалыматка ылайык, жыйында Салык кызматынын Өзгөн району боюнча жетекчиси жана Кара-Суу району боюнча башчысынын орун басары кармалган.
Азырынча УКМК расмий маалымат бере элек.