• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто тез курулуучу оорукананын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн

22 Аяк оона 2020 18:44 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 48 пайызга бүткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине фонд тарабынан 50 млн сом бөлүнгөн. Учурда, подраяддык уюмдун тарабынан оорукананын эски имаратынын бузуу иштери, жаңы имараттын пайдубалын орнотуу, полдорго бетон куюу, темир конструктивдик фермалар жана устундар орнотулду.

«Ошондой эле, ички жылытуу системасы, суу менен камсыздоо тармагы, канализация иштери бүткөрүлдү. Андан сырткары ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу, терезелер орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш даярдыгы 48% түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” каржылоосу менен 2020-жылдын 25 июлда башталган.

Количество просмотров: 78