• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ошто тез жардам унааларына жол бошотпогон айдоочулар айыпка жыгылды

7 Бугу 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

29-30-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында “Маяк” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда тез жардам, ӨКМ жана ИИМдин шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жаткан кызматтык унааларына башка катардагы унаалардын айдоочулары жол бошотуп берүүсү текшерилди.

Рейддин алкагында тез жардам унааларына жол бошотпой койгон 78 учур катталып, унаалардын айдоочуларына 78 миң сом айып салынды.

Белгилей кетсек, эки күн ичинде жалпысынан 2 миң 356 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Количество просмотров: 129