• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто турак үйдөн өрт чыкты

6 Кулжа 20229:35 Бишкек Govori.TV

Ошто турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-июнга караган түнү саат 02:15 чамасында Кара-Суу районунун Падаван айылынын Көк-Таш көчөсүндө турак жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт кырсыгы ири болгондуктан, жерине 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган.

«Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 300 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана жанына жанаша жайгашкан дүкөндүн чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 171