Ошто турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жапалак айылынын Жоробеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат РӨКОнун нөөмөтчүсүнө саат 13:05 маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 40 куткаруучу, саат 13:13тө Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 13:20да чектөөгө алынган.