• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Ошто тургундар адамдын сөөгү чириген килемди таштандыга ыргытып салышканына нааразы

1 Аяк оона 202517:53 Бишкек Govori.TV

31-август күнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылган, ал эми сөөк жаткан килем жалпы пайдалануудагы таштанды жайына ташталганы нааразычылык жараткан. Бул тууралуу Тurmush.kg басылмасы жергиликтүү жашоочуларга таянып жазды.

Тургундардын айтымында, маркумдун сөөгүн милиция алып кеткенден кийин тиешелүү кызматтын адамдары үйдү залалсыздандырган.

«Бирок адамдын сөөгү килемде жатып чирип баштаган. Сөөк жаткан килемди көчөдөгү таштанды таштоочу жайга ыргытып кетишти. Мыйзам боюнча алар аны утилдештирүүгө тийиш эле. Азыр ал килемди ким алып кетти билбейбиз. Бул жугуштуу нерсе, кимдир бирөө жууп алып кайра колдонушу мүмкүн. Сөөк 5 күн жатып чирип кеткен. Милиция сөөгүн алып кетти», — деп билдиришкен алар.

Алар маркумдун буюмдарын, айрыкча денесинен чыккан суюктуктар сиңип калган же сөөгү жанында узак убакыт турган нерселерди кадимки таштандыга чыгарууга мыйзам тыюу салынаарын, алар биологиялык жактан кооптуу калдыктар болуп эсептелип, атайын кызматтар тарабынан жок кылынууга тийиш экенин кошумчалашкан.

Количество просмотров: 1774