• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто уурдалган мал ээсине кайтарылды

10 Бугу 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Араван РИИБине арыз менен Тоо-Моюн айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 29-апрелинен 30-апрелге караган түнү эки баш малын белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Жабырлануучу 110 миң сомго зыянга учураган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

«2-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Өзбекстан республикасынын Фергана облусунун 24 жаштагы тургуну Д.М. жана Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл округунун 21 жаштагы тургуну Н.Н. болуп чыккан. Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жана сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 70