Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Ош облустук балдар ооруканасында дарыгерлер 9 айлык ымыркайдын кекиртегинен төйнөгүч алып чыгышты. Бул тууралуу медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Жыргалбек Кадыров билдирди.
Анын айтымында, 22-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунан 9 ай 12 күндүк ымыркайды медициналык мекемеге алып келишкен.
“Ымыркай бешикте жаткан, “көз-мончок” менен ойноп жатып кокусунан төйнөгүчтү жутуп алган. Ал кегиртегинен эле ачылып ошол жакта туруп калган. Медициналык жардамды балага лор-дарыгер Жангара Абдихаликова көргөзду. Жалпы анестазия берилип, экспертиза чыгаруу үчүн оптикалык аспаптын жардамы менен табышты. Азыркы учурда баланын абалы канааттандырарлык”,- дейт Кадыров.