• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто жарандын үйүнөн 1 кг гашиш табылды

11 Бирдин айы 2021 16:41 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Араван районунда 9-февралда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 кг гашиш табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Араван райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Чек-Абад айыл аймагынын 42 жаштагы А.Ш. аттуу тургунунун үйүнөн салмагы 1,060 кг болгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда окуя боюнча Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды.

Кылмышка шектүү Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Количество просмотров: 66