• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто “Женго” каймана аты бар кримтөбөл изделүүдө

10 Бирдин айы 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Ошто “Женго” каймана аты бар кримтөбөл изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында КР УКМК тарабынан кылмыштуу топторго уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында издөөдө жүргөн «Женго» кайманаты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары боюнча, тергөө органдарынан жашынып жүргөн Кадыр Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылып алынды. Мындан сырткары тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган.

Учурда, Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте К.Досоновдун турган жерин жана камакка алынгандыгын аныктоо боюнча “Перехват” планы жарыяланды.

Количество просмотров: 111