• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ошто жер көчкү жүрдү

15 Жалган куран 2022 10:03 Бишкек Govori.TV

Ошто жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 14-март күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде 2 жерден жер көчкү түшкөн (көлөмдөрү болжол менен 110 м3 жана 35 м3).

Жабыркагандар жок. Турак үйлөргө коркунуч жок жана зыян келтирилген эмес.

Кошумчалангандай, Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, жана жеринде тартылган куткаруучулар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Количество просмотров: 327