Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 22:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол, айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.