Бишкек.11.07.2019. Govori.TV
Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-июлда болжол менен таңкы саат 04:36да Тажикстандын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Андан тышкары, Кыргызстандын Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Кошумчалай кетсек, жер титирөөдө жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.