• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто жер титирөө катталды

22 Жетинин айы 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 21-ноябрда саат 19:34тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 146