• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто жер титиреди

9 Тогуздун айы 20209:49 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрга караган түнү саат 02:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 208