Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 3-августта саат 20:06да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
«Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында -2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.