Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 02:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.